Өзбек тарап түнкү жарык берүүчү жабдууларын орнотконун жергиликтүү тургун Эргешалы Озокеев SUPER.KG порталына билдирди.
“Өзбек тарап түнкү жарык берүүчү жабдууларын келген күнү эле орноткон. Мурда ал жакта лампочка эле бар болчу. Азыр Үңкүр-Тоо жаркырап калды. Муну эми Өзбекстан коопсуздук үчүн орнотту да”, - дейт Аксы районунун тургуну Эргешалы Озокеев.
Ал эми “өзбек тарап түнкү жарык берүүчү жабдууларды орнотту” деген маалымат боюнча Мамлекеттик чек ара кызматы: “Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Түнкү жарык берүүчү жабдуулар мурда эле бар болчу”, - деп жооп кайтарган эле.