Дүйнө жүзүндө 758 миллион адам орто билим да алган эмес. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият боюнча уюму маалымат каражаттарына билдирген.
Маалыматка ылайык, 758 миллион адамдын көпчүлүгү аялдар. Ал эми дүйнө жүзү боюнча 263 миллион бала мектепке барбаса, алардын үчтөн бир бөлүгү жаңжалдуу, согуш жүрүп жаткан аймактарда жашашат.
"Соңку убактарда мектепке болгон кол салуулар көбөйүп, балдардын мектепке барбай калуу көйгөйү 5 эсеге өскөн. Мындай абал сакталса, дүйнө боюнча бардык тургундар башталгыч билим менен 2042-жылы гана камсыз болушат. Ал эми жакыр өлкөлөр бай өлкөлөргө караганда 100 жыл өткөн соң гана бул мүмкүнчүлүккө жетишет", - деп айтылат билдирүүдө.
"Эң оор жүк кыздар менен аялдарга түшкөн. Африка өлкөлөрүндө жагымсыз абалдагы кыздар бул кетиште 2086-жылы гана толук кандуу орто билимге ээ боло алышат", - деген аталган уюмдун кызматкери Ирина Бокова.