Вице-премьер-министр Камила Талиева КРнын Социалдык фондунун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевге сөгүш жарыялоону 12-апрелде өкмөттүн жыйынында сунуштады. Анын айтымында, пенсия 2 эсеге жогорулаган, бирок айыл жергесиндеги пенсионерлер белгиленген суммадан бир топ аз өлчөмдө алып жатышат. “Пенсиялык системди карап чыгуу керек. Соцфонд пенсиялык саясатты туура эмес жүргүзүп жатат, буга ким жооп берет? Массалык маалымат каражаттарында Соцфонддун каражаттары максатка ылайык эмес коротулуп жатканы айтылууда. Бул ишти текшерүү зарыл”,- деди Талиева.