Бүгүн, 6-сентябрда Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров президент Алмазбек Атамбаевге Үңкүр-Тоо маселеси боюнча маалымат берди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жолугушууда мамлекет башчы улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, террордукка каршы чараларды жана диний терроризм менен күрөштү күчөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматты укту.
"Темир Жумакадыров президентке чек ара маселелерин чечүү, мамлекеттик чек араларды кайтарууну жана коргоону күчөтүү, андан тышкары Кыргыз Республикасынын 4 жаранын өзбек тараптын кармап турушуна байланышкан кырдаалды жөнгө салуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар көрүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди. Атамбаев жарандардын коопсуздугун, мамлекеттик чек аралардын кол тийбестигин камсыз кылуу боюнча коюлган милдеттерди так аткаруу жана өтө аяр мамилени талап кылган чек ара маселелерин конструктивдүү чечүү багытын улантуу зарылдыгын белгиледи", - деп айтылат маалыматта.