Ош шаарынын тургуну 40 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан карындашын табууга жардам сурап президент Садыр Жапаровго жана шаар мэри Жанар Акаевге кайрылды.
"Карындашым 16-октябрда эрте менен чыгып кеткен бойдон жок. Аны табуу үчүн издөө иштерин күчөтүүгө жана тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берүүгө көмөк көрсөтүңүздү өтүнөм. Биздин үй-бүлө күн сайын үмүт менен жашап жатат",- деди ал.
Ошондой эле ал карындашын издөөгө бир гана кызматкер тартылганын кошумчалады.
Бул кайрылууга байланыштуу шаар мэриясы тиешелүү кызматтарга маалымат берилгенин жана издөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлөрүн билдирди. Ал эми шаардык милиция кызды издөө боюнча тиешелүү иштер тынымсыз жүрүп жатканын маалымдады.
Эске салсак, буга чейин Ош шаарында 19 жаштагы Шохиста Юлдашева 16-октябрда эртең менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы кабарланган.