SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эмнеге үйлөнгөндөр убакыт өткөндө бири-бирине окшошуп калышат?" деген тема талкууга алынууда.
Теманы ачкан колдонуучунун билдирүүсү:
"Байкасаңар керек, кээ бир үйлөнгөндөрдүн жүздөрү бири-бирине окшошуп кетет. Башында эки башка болуп жүрүп, анан кайсы бир убакта бир туугандардай болуп окшошуп кеткендердин себеби эмнеде? Менин да бир-эки үйлөнгөн досторум аяштарыма окшош. Силерде да ушундай окшош түгөйлөр барбы?"
Ачылган темага калтырылган билдирүүлөр:
"Ооба, мен да окшош түгөйлөрдү көп көрөм. Башында анча окшобой турса да, бара-бара окшошуп кеткени тагдырдын бир сыры болсо керек".
"Мүнөзү окшобойт, жөн гана бири-бирине үйрөнүп калышса керек. Ал эми өң-келбет эч качан окшобойт деп айтат элем".
"Биз 5 жыл сүйлөшүп жүргөндө эч байкаган эмеспиз, башкалар да айткан эмес. Кийин баш кошконубузга бир айдан ашып калганда чоочунбу, туугандарыбызбы, кимге жолуксак дагы "туугансыңарбы, аябай окшош экенсиңер" дешти. Биз дагы "таяке-жээнбиз" деп күлүп калабыз. Бир тууган эжем да "үйлөнгөндөн кийин бара-бара окшошуп калат, бирок силер эрте эле окшошуп алдыңар го" деп айтып калат".
"Окшош жубайларды көрүп "Булар кантип окшошуп калышкан?" деп мен дагы таң калчумун. Бирок алар баш кошкондон кийин эмес, үйлөнөрдөн мурун эле окшош болушса керек. Эки башка адамдын бара-бара окшошуп кетиши кыйын го".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.