Москвадагы өрттөн Кыргыз өлкөсүнүн жарандарын куткарган Юрий Лугвин Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды

27-августта Москвадагы басмаканада болгон өрттөн Кыргыз өлкөсүнүн жарандарын куткарган Орусиянын жараны Юрий Лугвин Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалым болгондой, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Юрий Лугвинге чукул кырдаалдарда көрсөткөн тайманбас эрдиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Юрий Лугвин Кыргыз Республикасынын жарандарынын жылуу кабыл алганына ыраазычылыгын айтып, мындай көңүл буруу ага жакшы маанай тартуулаганын белгилеп өттү. “Мен кереметтүү Ысык-Көлдү көрүп, меймандос элиңиздер менен тааныштым. Улуттук тамактарыңыздар да өзгөчө экен. Кыскасы, менде Кыргыз мамлекети тууралуу жакшы гана ой калыптанды десем болот. Албетте, бул өлкөнүн башкы байлыгы - калкы деп айтар элем”, - деди Лугвин.

"Москвадагы басмаканада болгон өрттөн кыргыз кыз-келиндерин куткаруу ишине Кыргыз Республикасынын жарандары да катышкан. Алардын да аты-жөнү такталгандан кийин баары сыйлыкка көрсөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Palan4a
2016-09-06 13:44:19
Жакшыго! Бирок берки бешоону деле чакырып коноктоп коюшса болмок?! Конулдору которулмок алыста жургондо!!!
+5
bektemiroff994
2016-09-06 14:21:34
Ачыгын айтсам өкмөткө бир жагы ыраазы болдум,суйундум,Юраны ардак грамота мн сыйлаганына,мен ачыгы куткон эмесмин,окмот окулдору буга маани бербейт го деп!
+6
Uzakova.Z.A
2016-09-06 14:39:27
Жакшы кылышыптыр эми бизди да оорустар бираз жакшы коро башташат.
+3
aidai271115
2016-09-06 14:41:25
марат алган акчанын жарымын берип койсо болмок жок дегенде 100 мин
+3
Uhtishka.
2016-09-06 19:01:31
"Жашоо -бумеранг" деп бекеринен айтылбаса керек .Кече эле биздин Марат бир орусту куткарса ,бугун мынтип биздин Кыргыз кыздарын бул жигит куткарып жатат.Жакшылык эч качан жерде калбашына дагы бир далил..Бул жигитке албетте ыраазычылык ,бут Кыргыз элинен.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан