Мамлекеттик каттоо кызматы 54 миллиондон ашуун сомго принтер сатып аларын жарыялады

Мамлекеттик каттоо кызматы 54 миллион 616 миң сомго принтер сатып аларын 2-сентябрда Мамлекеттик сатып алуулардын расмий сайтына жарыялады.

Маалыматка ылайык, МКК лазердик технологиялар менен МКК ID1 форматындагы электрондук күбөлүктөрдү басып чыгаруучу принтерлерди сатып алат. Тендерге катышуучулар 23-сентябрдан баштап билдирмелерин жөнөтүшөт. Тендер 90 күнгө уланат.

Биометрикалык (электрондук) паспортторду киргизүү боюнча долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-июнундагы №291-буйругуна ылайык, бөлүнгөн каражатка жаңы муундагы өздүк документти жекелештирүү үчүн жабдууларды сатып алууга тендер жарыяланганын билдирди МКК басма сөз кызматы.

"Учурда өндүрүмдүүлүктүн көлөмүнө байланыштуу техникалык өзгөчөлүктөргө ылайык, жалпысынан 5 лазердик принтерди сатып алуу пландаштырылып жатат. Ал эми баасы ошол тендерге катышкан компаниялардын сунушуна байланыштуу аныкталат", - дейт басма сөз кызматы.

"Бул сатылып алынган принтерлер биометрикалык (электрондук) паспортторду басып чыгаруу үчүн колдонулат. ID1 форматы автоматтык түрдө лазердик технологияларды колдонуу менен поликарбонаттык картанын (паспорттун) эки бетине жаран боюнча персоналдык маалыматты жана сүрөт гравировкасын учурдун талабына ылайык кылып басып чыгаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат", - деп кошумчалашты МККдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Uson13
2016-09-06 18:21:43
Ушу мамкаттоо эч тойбодуда жыл сайын ар нерсе алабыз деп чыгышат
+6
dina
2016-09-06 18:48:48
Жасалма паспорт табылса мамакаттоо каякты карап журот дейбиз, алышсын) 54 миллион доллар болсо жасалмалар жок болмок, сом болсо арзан экен
-4
Revolyutsiya
2016-09-06 18:53:38
dina, жерде жатат да ал акча... 54 миллион сом, 1-2 чон мектептин акчасы...

Жасалма паспорт жасап доллар менен сатып журуп сомду акча ордуна корбой калышкан...
+3
Revolyutsiya
2016-09-06 18:55:12
dina, акча болунсо эле мам.каттоонун кулкуну тыйылып жасалма паспорт жасабай калат бекен ыя?!
+6
mirbek99
2016-09-06 19:22:31
уффф , кандай принтер экен ал алтын жалатылганбы
+7
edik-kg
2016-09-06 19:40:16
ушул акчага чек арага тикен зым алсанар бир топ жери тосулмак баары болбосода электрондук паспорттун эмне кереги бар азыркысы деле жакшынакай акчаны бекер эле коротосунар керек эмес жака
+5
BARSBEK.KG
2016-09-06 20:28:50
Чындап чек араны тосушса жакшы болмок
+4
Sirduusezim
2016-09-06 20:42:53
BARSBEK.KG, туурада ошону тосушса болмок эгер чынндап акчасы болсо, дагы бир мам.тен карыз албасале
0
ruslanz
2016-09-06 21:02:59
Принтер эмес эле, 54 спринтер го
+1
revolyutsioner1
2016-09-06 21:51:31
ruslanz, ар бири 11 000 000,00 (11 миллион) сом турган 5 лазердик принтер, спринтер эмес...

Бул жакта койгойлор турса каяктагы принтерлер, кресло, ноутбук-планшеттер, кайгуул машиналары... Акчалар керексиз нерселерге жумшалып жатат, менимче "сол" чонтоктун толушуна карап иш тутуп жаткандай го бийлик...
+1
jeyloo
2016-09-06 22:24:42
бир депутаттын баласы тендерге катышып утуп акчаны алып кетет да

+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан