Москвадагы өрттөн кыргыз кыздарын куткарууга аракеттенген 5 мекендешибиз дагы сыйланат (тизме)

27-августта Москвадагы Алтуфьев шоссесиндеги басмаканадагы өрттөн кыргыз кыздарын куткарууга куткаруучулардан сырткары жөнөкөй адамдар да аракет кылышкан. Президент Алмазбек Атамбаев куткарууга жардам көрсөткөн адамдарды сыйлоо тууралуу маселени карап чыгууну өкмөткө тапшырган. Алардын бири орус улутундагы Юрий Лугвин II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырылып, учурда өлкөбүздө жүргөнү маалым. Ал бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды. Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн 5 жаранынын аты-жөнүн тактоо боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берилди. Өздүктөрү такталган соң алар да сыйлыкка көрсөтүлүшөт.

SUPER.KG порталы баатырдыгын көрсөткөн беш жарандын аты-жөнүн болжолдуу тактады. Москвадагы "Кыргыз биримдиги" коомунун төрагасынын орун басары Улан Кошматов SUPER.KG порталына билдиргендей, алар: Азамат Акматов, Аширбек Шакиров, Азизбек Абдыгапар уулу, Маматсабыр Алимбек уулу, Таалайбек Марип уулу.

Эскерте кетсек, Таалайбек Марип уулу ал каргашалуу окуя тууралуу SUPER.KG порталына айтып берген.

Булардан сырткары Нурмухамед Кадыржанов аттуу жаран дагы куткарууга жардамдашып жүрүп иске ууланып, ооруканага жатып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
baltabaev
2016-09-06 16:30:23
Аа молодецтер ойлодум эле чужойду чакырып тойгозуп эле койду десем свойлор да бар турбайбы
+7
Malywka90
2016-09-06 18:23:05
baltabaev,ошол сен айтып жаткан чужой канча кыргыз кызын куткарууга жардам берди.ушу эл болгон жер болгондор жакпайтда
+3
baltabaev
2016-09-06 20:36:25
Malywka90,Биринчи озунду сыйла,кийин озгону сыйла дегенди билишпейт.чужой деп жазганым учун кечирийм сурайм.ачык устундо жазып салдым эле.
0
Mirbek1993
2016-09-06 16:34:36
Чужой деген туура эмес эми !
+9
Azahan
2016-09-06 16:34:53
Силер менен сыймыктанамго Бир туугандарым
+4
Mirbek1993
2016-09-06 16:34:59
Чужой эмес!
+2
Sultanim
2016-09-06 16:38:11
Азаматтар!!!Аллах ыраазы болсун! !!

Келгиле туугандар Аллахтын ушундай Зилхажжа ыйык айында бир ооздон бата кылалычы тиги 4 мекендешибизге... аябай ачуум келип атат коншуларга!кудай бизди алардын арам ой,жамандыктарынан сактасын!тийишип эле кыжырга тийди го...
+7
Palan4a
2016-09-06 17:17:14
Россияда дагы бир Кыргызстандык КЫРГЫЗ БААТЫР, Кыргызстанда дагы бир РОССИЯЛЫК оорус БААТЫР!
Счет 1:1 деп коёт экенда))
+14
Ellis
2016-09-06 17:22:48
Качан эле тактап койсо болмок бир ай болоюн деп калганда тапшырма берди дешпей.
+7
vrach
2016-09-07 18:17:46
Ellis, бир ай болбой эле 10 кун эле болду
0
alibekova94
2016-09-06 17:31:57
Биздин сыймыктар, бар болгула. Силерди тарбиялап чонойткон ата эненерге рахмат.
+5
Revolyutsiya
2016-09-06 18:16:12
Мамлекет Москвада каза болгондордун жакындарына жалпы канча акча болду, эмне жардам кылды, жазып кеткилечи же апрелчилерге миллион да, квартира да, орден да, кызмат да бар, ал эми башкалар бийлик учун эч кимби?!!
+8
Malywka90
2016-09-06 18:25:21
Revolyutsiya,100 000сомдон акчалай жардам бенди
+1
frunze777
2016-09-06 20:46:08
Malywka90, демек бийлик кыздарыбызды 100 минден баалаптыр да, Атамбаев оз кызын канчага баалайт экен кызык.....
+3
Bazana
2016-09-06 21:08:03
frunze777,бергенине шугур кылалы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан