Миграция боюнча мамлекеттик кызматы Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигине Камчаткада орусиялык үй-бүлөнү куткарууда жабыр тарткан Кыргыз өлкөсүнүн жарандарына жардам көрсөтүү суранычы менен кат жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда аталган кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.
Миграция кызматы Орусияга иш сапары менен барары белгилүү болду.
"Бул тууралуу маселе Орусия менен Кыргыз өлкөсүнүн Миграция кызматтарынын 8-сентябрда боло турган иш сапарында талкууланат. Миграция кызматынын иш сапарынын алкагында мекендештер жана жумуш берүүчүлөр менен, ошондой эле Орусиянын бир нече мамлекеттик органдары менен жолугушуу болот. 27-августта Алтуфьев шоссесиндеги өрт кырсыгынан каза болгондордун үй-бүлөсүнө жардам берүү маселеси иш сапардын эң башкы маселеси болмокчу", - дейт басма сөз кызматы.