Бүгүн, 6-сентябрда "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасындагы абал боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын учурдагы абалы жаңы жетекчинин тажрыйбасыздыгынан улам жаралды деген пикирин билдирди. Анын маалыматына караганда, Экономика министрлигинин көрсөтмөсү менен директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган Талант Бокешов кадрдык өзгөрүүлөрдү жасаган соң эмгек жамаатында тирешүү пайда болуп, жалпы ишке терс таасирин тийгизип, көрсөткүчтөр төмөндөдү.
Жыйында айтылгандай, көмүр казып алуу 2015-жылга салыштырмалуу 122,8 миң тоннага азайган. 2016-жылдын январь-июль айларында өндүрүш продукциясынын көлөмү 748,7 миллион сом, башкача айтканда, 84,9 пайызды түзгөн.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков толук кандуу иштеп келген ишкананын мындай абалга туш болушу экономикага терс таасирин тийгизерин белгилеп, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагаларына "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын жетекчисин алмаштыруу тууралуу сунуш берүүнү тапшырды. Мындан тышкары ишкананын абалын калыбына келтирип, мындан ары өнүктүрүү максатында реформалык кадамдарды сунуштоо да милдеттендирилгени маалым болду.