Курман айт намазы эски аянтта окулат

Курман айт намазы эски аянтта окулат. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Айт намазы 12-сентябрь күнү таңкы саат 06:30дан 08:30га чейин окулат. Аны муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев алып барат. Алгач дин боюнча баяндар, андан соң куттуктоолор айтылат.

Айта кетсек, Кыргыз Республикасында 12-сентябрь күнү Курман айт майрамы белгиленет. Мындан улам 12-сентябрь өлкөдө дем алыш күнү деп жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
salimbek87.kg
2016-09-07 09:26:13
Аллахым курбан айт кунду насип кылсын элибизде тынчтык амандык болсун ылайым.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан