Москвадагы өрттөн каза болгон Кыргыз өлкөсүнүн жарандары басмаканада мыйзамсыз иштешкени айтылды

Москвада өрттөнгөн басмакананын башкы директору Сергей Москвин каза болгон Кыргыз өлкөсүнүн жарандары ишканада мыйзамсыз иштешкенин моюнга алды. Бул тууралуу анын адвокаты Елена Звездинага таянып "Интерфакс" маалымат агенттиги жазып чыкты.

"Каза болгондор убактылуу эле жумушка тартылышкан. Москвин аларды патентсиз жумушка чакырганын моюнга алды. Ал айыптар боюнча бардык чыгашаларды жана туугандарына акча төлөп берүүгө даяр. Ал башында тергөөдөн качкан, себеби өнөктөштөрү аркылуу чыгашаларды төлөө маселесин чечкени жаткан. Үч адам Москвинден акчаны алды", - деди адвокат.

Анын айтымында, басмакананын башкы директору күнөөнү моюнуна алды. "Анын позициясы меникинен айырмаланат. Менин оюмча, кырсык орун алды, Москвин күнөөлүү эмес. Басмаканада өрт тууралуу сигнал берүүчү систем орнотулган", - дейт Звездина.

Мындан тышкары адвокат өрт коопсуздугуна башкы инженер жооптуу экенин айтып, кырсыктан кийин ал федералдык издөөгө алынганын баса белгиледи. "Басмакананын инженери Антон Яцков эмгек өргүүсүнө чыккандыгына байланыштуу Москвин мекеменин директору катары жоопкерчиликти өзүнө алган. Ал абийирдүү адам", - деп айтты Москвиндин адвокаты.

Маалым болгондой, инженер Антон Яцков учурда изделүүдө. Орусиянын Башкы прокуратурасы өрттөн каза болгон Кыргыз өлкөсүнүн 14 жаранынын ичинен экөөсү гана Москвада каттоодон өткөнүн аныктады. Ошондой эле аталган басмакана 4 жыл бою Өрткө каршы кызмат тарабынан текшерилбегени белгилүү болду.

Айта кетсек, 27-август күнү Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканада өрт чыгып, анын кесепетинен 17 адам каза тапкан. Алардын 14ү Кыргыз өлкөсүнүн жарандары болушкан. Мындан улам басмакананын башкы директору Сергей Москвин жана ишкананын башкы инженери Антон Яцковго “өрт коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми Сергей Москвин күнөөсүн мойнуна алып, укук коргоо органдарына өзү келген. Москва шаарынын Останкинский райондук соту аны 2 айга камакка алуу боюнча чечим чыгарды. Бул убакыт аралыгында тергөө иштери жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Urmat_83
2016-09-07 11:17:07
Башында баары мыйзамдуу иштеп атышат деп атышпады беле.Эми мыйзамсыз деп башты орутушатго
+3
samsungc3
2016-09-07 11:30:46
Urmat_83, эптеп озуну куносуз кылуунун жолуда. Москвада баарыле каттоодо турса керек. Документ болсо жумушка алчыле басмаканага кайра-кайра текшерип отуруп. Олгон олду деп эле куноону байкуштарга оодарып коюштуда. Аллах коруп туратко,кайтар дуйно деген бар.
+3
nuriyaeljan
2016-09-07 11:29:44
Бул жакта кайгырып журсок буларды кара
+3
Aika96
2016-09-07 11:33:33
Кыргыз жарандарына патенттин кандай кереги бар? Тамож.союзга киргенде патентсиз эле иштешетко. Же кайрадан патент менен иштей турган болуп калдыбы?
+4
Revolyutsiya
2016-09-07 11:35:44
Орустардын "адилеттуулугу". Учурда Москвадагы мигранттарыбыздын дээрлик баарынын каттоосу Москва шаарында болгону менен, иштеген ишканасы менен эмгек келишимин тузуп иштегендер 10-15% болгону. Калган ишкана кожоюндары салык толоодон качып мигрант жумушчулар менен эмгек келишимин тузуудон качат. Талап кылсан "жакпаса тигине чон кочо" дейт, сен жумуштан кетсен ордуна 5-10 адам келет ишкана кожоюнунун бардык шартына макул болуп иштоого даяр. Ал жерде мигранттарыбыз мусапыр болсо
+4
Revolyutsiya
2016-09-07 11:39:49
14 кыз-келинибиздин 12си Москвада каттоосу болгону менен, басмакана менен эмгек келишими жок иштеп жургон болуулары мумкун, бирок бул факт басмакана жетекчисинин жоопкерчиликтен, жазадан качуусуна жана калган кыз-келиндер учун компенсация толоодон баш тартуусуна негиздуу себеп болбоого тийиш...
+4
admin_portal
2016-09-07 11:42:04
nuriyaeljan, этика нормаларын сактаңыз!
0
daniyar84
2016-09-07 12:20:11
Болор иш болду эми жок дегенде олгондордун жакындарына конпенцасия толоп берсин.бала чакасына жардам болот.1 милиондон болуп берет деп жаздынар элего.бизде озунор билесинер тойдон дагы олумдун чыгымы коп болот.
+2
frunze777
2016-09-07 13:13:24
Бийлик оозун ачып отура берсин орустардын созун кайталап коюп... Озуно дегенде ар жак бери жагына отуп журуп болсо да айласын табат, озгого дегенде бармагынын учун да кыймылдатышпайт, бийликте эмнеге отурганын унутуп...

Бийлик тын болсо талап кылмак эмгек келишими жок экен деп оозун ачпай, же копчулук мигранттарыбыздын Россияда формальный эмгек келишими менен жургонун, иштеген ишканасы менен эмгек келишими жок экенинен кантип эле кабары жок?!
+2
bekmaral
2016-09-07 15:44:18
Бул адвокат кыргыздар патентсиз иштерин билбесе кайсы законду окуп журот.Келишим тузбогон ишкананын куноосу!
0
samsungc3
2016-09-07 21:53:41
Бирок чынында коп жерде эмгек келишими жок иштешет. Мисалы бизде бешообузго эле эмгек келишимин бериптир. Калгандарынан сурасам жок берген эмес бизге дешти.
+1
Seyitira8186
2016-09-08 03:49:32
Аллах оз жазасын берсин ушул адамдардын.кантип уялбай нетпей кайра кыргыз кыздарына айып койуп атышат.келишимсиз иштешкен деп.келишимди оздорунун кызыкчылктары учун беришпей иштетишет.ошол шейит кеткен кыздардын арбактарын чыркыратпай эле койушпайбы.алар отту.эми дагы эмне дешеер экен.Аллах баарыбызга нысап берсин
0
etaj_rus79
2016-09-08 04:55:33
иштеген жери менен эмгек келишими тузулбосо компенсация толоп бербейт ошондуктан турдовой договор тузуп анан иштегиле туугандар
0
Ananai
2016-09-09 00:07:01
Баарибир мыйзамсыз иштешсе да адам олуп жатпайбы эй,баарибир жоопко тартылышын талап кылабыз биз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан