Бишкек шаарында 25 миң турак үй жаратылыш газына муктаж

Бишкектин Көк-Жар, Салам-Алик, Щербаков конуштарына газ түтүктөрү тартылууда. Көк-Жар конушунда 55 чакырым түтүк тартылып, 2697 үй газга кошулат. Ал эми Салам-Алик конушунда 4 чакырым түтүк тартылып, 270 үй газ алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Мындан сырткары Щербаков конушунда 4,2 чакырым аралыкка газ түтүгү тартылып, 200гө жакын үй газ менен камсыздалмакчы. Маалым болгондой, 2017-жылы Достук, Көлмө, Маданият, Чалбай, Учкун, Аска-Таш, Алтын-Бешик, Ак-Өргөө, Ак-Ордо, Ала-Тоо, Кара-Жыгач конуштарында газ түтүктөрүн орнотуу иштери башталуу алдында турат. 2017-жылдын аягына чейин Бишкек шаарындагы 22 конуш газ менен камсыз болот.

"Айылыбыз түптөлгөндөн бери газ жок болчу. Кубанып жатабыз. "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсына рахмат. Газдын келиши менен элдин жашоосу жеңилдейт. Буга чейин электр энергиясына көп каражат сарптап, көмүр колдончубуз", - дейт Көк-Жар конушунун тургуну Балбай Чортаев.

"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынан билдиришкендей, Бишкек шаарында жаратылыш газына муктаж үйлөрдүн саны 25 миңге жетет. Ал үчүн дагы 430 чакырым газ түтүгүн орнотуу керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
GUKA_DT
2016-09-07 22:48:21
А эмнеге Арча Бешик жок ал жакка газ тартылбайбы? Алтын бешик деген жаны конуш барбы? же...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан