SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "4 жаштагы бала апасына аны менен сүйлөшүү жолун үйрөтүп жатат" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Brutality).
Интернет ааламында "4 жаштагы бала апасына аны менен сүйлөшүү жолун үйрөтүп жатат" ролигин 4 айда 6 миллиондон ашуун көрүүчү көргөн. Видеонун каарманы Орусия Федерациясынын курамындагы Карачаево-Черкесия Республикасынын 4 жаштагы тургуну Нурик (Нурлан) Хужев. Видео ушунчалык популярдуу болгондуктан, видеодогу "конфликтолог" Нурикти "Пусть говорят" ток-шоусунун алып баруучусу Андрей Малахов көрсөтүүсүнө чакырган. Анын апасы Оксана Хужеванын айтымында, мынчалык көп көрүүлөр болорун ойлобогонун жана видеону интернетке ким жүктөгөнүн билбегенин айткан.
Видеодо эне уулу менен тарбиялык маанидеги сүйлөшүү жүргүзөт. Бирок наристе каршылык билдирип, аны менен сылык сүйлөшүү керектигин айтат.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.