Жеңиш жаңы конушунун тургундары социалдык объектилерге болгон муктаждыктарын айтышууда

Бишкек шаарынын Жеңиш жаңы конушунда жол асфальтталган эмес, бала бакча өңдүү эл муктаж болгон социалдык объектилер жок. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочулар билдиришти.

"Өткөн жылы ашар жолу менен канализация куруу үчүн өзүбүз 28 миң сомдон акча чогултканбыз. Бирок бардык үй-бүлөдө тең шарт болбогондуктан, акча чогулбай, иш токтоп турат", - деп билдирди жергиликтүү тургун Марс Токталиев.

Бермет Мамбетакунова: "Буга чейин депутаттар шайлоо алдында сөз берип кетишкен. Добушубуз керек болгондо ар шайлоодо келип убада беришет. Жолубуз асфальтталбай айылды чаң каптап жатат. Ал эми айылда бала бакча жок. Балдарыбыз мектепке даяр болбой, билим деңгээли төмөн болуп жатат".

Белгилүү болгондой, Жеңиш жаңы конушунда 500дөн ашуун түтүн эл жашайт. Аталган айылга буга чейин таза суу, электр энергиясы тартылган. Негизги эки шарт түзүлгөнү менен, башка жагдайларга эч кандай көңүл бурулбаганын айтышат жергиликтүү тургундар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
standard1987
2016-09-08 01:15:40
Газ кирип аткан го.
0
Rifle_S
2016-09-08 10:51:04
Бул жерде чоооң маселе жатат. Биринчиден бийлик башында эле региондорду караса , Бишкектин айланасын жаңы конуштар катабайт эле. Региондор унутулган үчүн баары борборду карай келе беришти. Айрыкча Баткендиктер көп окшойт. Чек аралар ачык калды.
Бийлик бири бирин чукулап, соттошуп, кайым айтышып жашап келе жатат. Элди алдаганын койбоду. Кайдыгер мамиледен удам жерлерибиз ар кимге өтүп кетти.
0
incognito1
2016-09-08 01:56:00
Ошол учун алданбай,биринчи жасагыла, анан добуш беребиз деш керекда)) Мага кызык, депутаттар шайлоонун алдында убада берип коюп, эшеги суудан откондон кийин, убадасын аткарбай, уяттары кантип чыдап жашашат. Элден эмес озунон уялышпайбы булар, мен ушуларга соз бердим эле деп. Мен бироого убада кылып, аткара албайм калсам, озумду ичимден жей берем. Студентка жээниме жакшы окусан 2 жумага визажист курска Москвага жиберем деп обещать эткенмин. Жалан 5. Эми созумдо туруп жибербесем болбойт. Уят))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан