Ысык-Көлдөгү Патрулдук милициянын унаасынын макети ылдамдыкты сүйгөн айдоочуларды чочутууда (фото)

Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылынын аймагында Патрулдук милициянын автоунаасынын макети жол жээгине орнотулган. Алыстан караганда анын Патрулдук милициянын автоунаасы экенинен шек саноо мүмкүн эмес.

Социалдык тармактарга Өмүрбек Жолдошбаев аттуу колдонуучу жүктөгөн сүрөт учурда көптөрдү жылмайтууда. "Чолпон-Атага бара жатканбыз. Чок-Талдан өтүп баратканда алыстан Патрулдук милициянын унаасын көрүп, ылдамдыкты азайттык. Жанына жеткенде гана анын мектептин жанына орнотулган макет экенин байкадык", - дейт активист.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Abdurahman
2016-09-07 12:50:15
Азаматтар! Жакшы ойлоп табышыптыр
+13
take220281
2016-09-07 13:05:34
Ак үйгө деле чоңдордун макетин жасап ар бирин отургучка отургузуп койсок кандай дейсиңер? макет менен депутаттардын айырмасы деле жок экөөбү тең иштебейт, за то макеттер без рассход, уурулук кылбайт, курсактарын кампайтпайт. соонун эле болмок э?
+56
KaiMak
2016-09-07 14:42:49
take220281,ваще базар жок соз болду брат )))
+10
mambo-1984
2016-09-07 13:23:32
Ушундай макетерди коп коюш керек экен аябай тасир этет шопурларга
+5
aibekkk
2016-09-07 15:07:15
жанына маичинин да макетин коюш керек женилиреек кылып шамалга кыймылдап турчуу кылып
+7
talant
2016-09-07 15:32:14
Sonun ish-chara boluptur . ushundai bolso dardangdagandar kichine bolso da akyrymdap kalat .
+1
shankol88
2016-09-07 17:03:00
Жакшы ременин тартса керек биринчи.Кырсык короткий болгон жерлерге орнотуп койуш керек екен,
+2
Shekeev969798
2016-09-08 00:28:15
Бир байкаган кыргызын экинчи жолу 100 менен отот коросунорго
+1
Shekeev969798
2016-09-08 00:28:35
антип азыр жаш баланы да алдайалбайсынар ээээ
0
Janymsyn
2016-09-09 10:46:45
Знактарын тал тосуп калган каерде канча ылдамдык менен журушунду да билбейсин(
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан