Москвадагы Алтуфьев шоссесиндеги өрттөн жабыркаган Калбай кызы Кызбурак мекенине учуп келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги бүгүн, 7-сентябрда билдирди.
Алтуфьев шоссесиндеги басмаканадагы өрттөн жабыркаган кыргыз жараны, 1990-жылы 19-июлда туулган Калбай кызы Кызбурак 5-сентябрда Н.В.Склифосовский атындагы Москва шаардык күйүк борборунан чыгарылганы белгилүү болду.
"Кечээ, 6-сентябрда Москва убактысы боюнча саат 23:20да Бишкекке учуп кеткен. Аэропорттон апасы менен эжелери тосуп алышмак", - деп билдиришти элчиликтен.