Москвадагы басмаканада 27-августта орун алган өрттөн каза болгон Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын кимиси эмгек келишимин түзгөн болсо, алардын туугандарына 1 миллион рубль берилет. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү билдиришти.
Маалыматка караганда, каза болгон 14 жарандын ичинен экөөсүндө гана эмгек келишими болгон. Өрттөнгөн басмаканада жалпысынан 70 мекендешибиз иштегени белгилүү болду. "Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө иштерин 20 адам жүргүзүп жатат. Иш Орусиянын Тергөө комитетинин көзөмөлүндө. Орус тарап тергөө иштери калыстык менен жүргүзүлөрүн убадалаган", - дешти ТИМден.
Эскерте кетсек, 27-август күнү Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканада өрт чыгып, анын кесепетинен 17 адам каза тапкан. Алардын 14ү Кыргыз өлкөсүнүн жарандары болушкан. Мындан улам басмакананын башкы директору Сергей Москвин жана ишкананын башкы инженери Антон Яцковго “өрт коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Сергей Москвин күнөөсүн мойнуна алып, укук коргоо органдарына өзү келген. Москва шаарынын Останкинский райондук соту аны 2 айга камакка алуу боюнча чечим чыгарган. Бул убакыт аралыгында тергөө иштери жүрөт. Ал эми инженер Антон Яцков учурда издөөдө.