Ысык-Көл ОИИБи: "Чок-Талдагы Патрулдук милициянын унаасынын макети профилактикалык иш-чаранын негизинде коюлган"

Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында Патрулдук милициянын унаасынын макети профилактикалык иш-чаранын негизинде коюлганын Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Учурда Ысык-Көл районунда Патрулдук милициянын унаасынын эки макети коюлду. Негизги максат -мектеп окуучуларынын катышуусундагы жол кырсыктарынын санын азайтуу. Дагы беш макет даярдалууда. Алар Ысык-Көл облусунда жол жээгине коюлат”, - деп билдирди Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын катчысы Сталбек Усубакунов.

Айта кетсек, бүгүн айрым интернет колдонуучулары Чок-Тал айылындагы мектептин жанына коюлган Патрулдук милиция унаасынын макетинин сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырышкан. Анда кээ бири “алыстан Патрулдук милициянын унаасын көрүп, ылдамдыкты азайттык” деп жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
ali1995
2016-09-07 13:30:24
кайсы жерге койулушун айтпаш керекда)анан жайын жылдырып туруш керек
+7
Artyr1994
2016-09-07 14:33:31
Жайын да жылдырып мурун коюлган жерге бир патрульный милиция туруп алса 1 кундо эле онор акчага иштейт
+6
kuba.kq8705
2016-09-07 14:54:22
макеттерди койуп койушуп оздору эшек такалашабы
-6
Dadasdasd
2016-09-07 15:10:51
Кыраакы айдоочулар алыстан байкап калат макетинди . 1000 де айдап отот.
-5
tashi62
2016-09-07 15:54:02
ха ха
0
Truelensk
2016-09-07 18:24:41
Бир нерсе билген кишидей болуп жаза бересинерби.
+2
Adilet_adi
2016-09-07 19:58:30
Truelensk,Туура
+1
nuriyaeljan
2016-09-07 19:48:48
Эми анын жанына гаилер турат шоферлор ойлойт да макет деп
+3
Sagy
2016-09-07 21:16:16
Эн жакшы! Негизи ГАИ ото куу болот))
Бир жолу ГАИге кармалып, студентмин, акчам жок деп кутулганы атсам, "мына, онугот деген ушул. Биз илгери жоо журчубуз" деп очургон. Айлам жок штраф жаздыргам..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан