Үстүбүздөгү жылдын 14-майында президент "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында энелерди Баатыр эне ордени менен сыйлап жатып укук коргоочуларды катуу сынга алган.
16-майда укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулова баштаган топ аларга карата айтылган сындын жөндүү эмес экенин айтып, нааразычылык акциясын уюштурган. 18-майда Исмаилова менен Абдирасулова намысты, абийирди, абройду коргоо жөнүндө доо арызды Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүшкөн. Райондук сот алардын арызын канааттандырган эмес.
Кечээ, 7-сентябрда укук коргоочулардын өлкө президенти Алмазбек Атамбаевге каршы жазган арызы Бишкек шаардык сотунда каралып, бул ирет да канааттандырылган жок. Укук коргоочулар шаардык соттун чечими боюнча өлкөнүн Жогорку Сотуна даттана тургандыктарын билдиришти.
Абдирасулова менен Исмаилова президенттен расмий кечирим сурашын жана алардын дарегине айтылган сөздөрдү төгүндөшүн талап кылышууда. Укук коргоочулар моралдык чыгым катары өлкө башчысы аларга 10 миллион сомдон төлөп бериши керектигин билдирип жатышат.
"Биздин да туугандар, кудалар бар. Биз дагы энебиз. Сот бизди күнөөлүү деп таппаса деле президенттин минтип айыптаганга укугу жок болчу. Эгер биз президент айткандай күнөөлүү болсок, анда мыйзам чегинде жооп бергенге даярбыз", - дешкен эле укук коргоочулар.