SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Жаш балдар: "Кыздарды сыйлоо керек, себеби алар назик, сулуу болушат" деген аталыштагы видео жүктөлдү.
Видеодо кичинекей балдардын өзүн тааныштырып, келечекте ким болорун айтканы көрсөтүлөт. Ошол учурда алардын жанына кичинекей татынакай кыз келип туруп калат. Автордун "кыз сага жактыбы, мээримдүү мамиле жасап, күлдүрүп көрчү" деген сунуштарын балдар жылмаюу менен аткарышат. Бир маалда "эми кызды ур" дегенди уккан балдар эмне кыларын билбей туруп калышат...
Анда балдардын "Жок, мен кызды урбайм. Бул маданияттуулукка жатпайт. Урбаш керек, себеби алар сулуу, назик, биздин коргообузга муктаж" деген сөздөрү жүрөк жылытат. Видео "Балдар дүйнөсүндө кыздарды урбайт. Эмне үчүн чоңдор ааламында аялзатына болгон кордуктарга жол берилет?" деген суроо менен жыйынтыкталат. Ошондой эле бул ролик аялзатына болгон таза, сый, чыныгы мамилени чоңдор кичинекей балдардан үйрөнүшсө дегендей ой калтырат.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.