Шайлоого ID-картасы бар, биометрикалык маалыматын бергендер гана катыша алышат

Мамлекеттик каттоо кызматы шаардык жана жергиликтүү кеңештерди шайлоого карата шайлоочулардын тизмесин тактоо максатында жарандардан 1994-жылкы үлгүдөгү паспортторду алмаштырууну суранат.

"Шайлоочулардын өздүгүн тактоо үчүн 1994-жылкы үлгүдөгү паспортту шайлоодо колдонуу мүмкүн эмес. Шайлоо мыйзамдарына киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, шайлоого биометрикалык каттоодон өтүп, ID-картасы бар жарандар гана катыша алышат", - деп айтылат маалыматта.

Жарандарды 2004-жылдын паспорттору менен камсыз кылуу максатында 2015-жылдын август айынан тарта Мамлекеттик каттоо кызматы 60 жаштагыларга жана 60тан улууларга бекер паспорт жасоо кампаниясын жүргүзгөн. Жыйынтыгында 78 341 паспорт берилген. Учурда Мамлекеттик каттоо кызматы жогоруда белгиленген жаш курактагы жарандар үчүн 1994-жылкы үлгүдөгү паспортторду бекер алмаштырууну улантууда. Ал үчүн жарандар каттоосу боюнча паспорттук бөлүмдөргө жана Бишкек шаарынын, Баткен, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын райондорунун паспорттук-визалык жана каттоо иштеринин бөлүмдөрүнө кайрылуусу зарыл.

"Шайлоочулардын тизмесине ID-картасы бар, биометрикалык каттоодон өткөн гана жарандар киргизилет", - деп кошумчалашкан басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, 1994-жылкы үлгүдөгү паспорттор 2016-жылдын 1-сентябрынан баштап жараксыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
kubat_73
2016-09-07 15:42:45
Антип шылтоо таппасанар отосунорбу шайлоодон
0
alimyrza93
2016-09-07 15:49:06
kubat_73 сен бул жердеги системаны тушунгон жоксун ... алмаштырыш керек демек алмаштырыш керек ..
0
kubat_73
2016-09-07 15:55:13
alimyrza93
,Рахмат сенин эле тушунгонун жетет сендей тушунуктуулор коп болсо кана аттин
0
ikitaidesu
2016-09-07 15:55:07
Кийинки жылы боло турган шайлоого даярдыкпы же жакын арада болобу шайлоо? Акыркы болуп откон шайлоого биом.сы жоктор дагы киргенби?
+3
edik-kg
2016-09-07 16:24:14
кордукко шайлоону кандай отконун кашасы чыгып биометрикасын тапшырганы деле киргизбей же болбосом базадан чыкпай ит эле болдунарго
+7
aijan
2016-09-07 16:39:56
edik-kg, миллион плюс!
+2
aijan
2016-09-07 16:38:59
Ымм, жапжаны паспорт менен беш жылдан бери жашаган адресимдин пунктуна барсам, он жыл мурда жашаган кичи мекенимдин базасында бар экенмин, мурдагы шайлоодо "ошол жакка барып добуш бериниз" дешти. Билишет да, билет алып самолет менен учуп барып келе албасымды, пфф.
"базаны озгортобуз" дешкен, бирок, бирок озгортуу алардын пайдасына болбой калат го.
+3
Aytur
2016-09-07 17:37:21
Мен биомерикадан отком бирок паспортум жоголуп кайра алдым кайдан биометрикадан отсом болот? Шайлоодо калп эле тиги жерге бул жерге бар деп ар кайсы участканы айтып 4 участоко барып акыры тажап кетип калгам
0
Pirimkul
2016-09-07 17:57:07
Ким мага кыргыз паспорт алып берсе ошого берем добушумду ))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан