Оштогу демилгечилер тобу Жогорку Кеңештеги Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган айрым депутаттарды артка чакырууну демилгелеп жатат. Алар бул тууралуу өлкөнүн парламентине жазган катында ачык билдирип, жалпыга маалымдоо каражаттарына таратышты. Бул тууралуу "24.kg" басылмасы бүгүн, 7-сентябрда жазып чыкты.
Мындай демилге Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүү демилгесин талкуулоо үчүн Ошто уюштурулган тегерек столдо кабыл алынганы айтылган. Активисттер Жогорку Кеңештен тышкары акыйкатчы Кубат Оторбаевге да кат жолдошкон.
Акыйкатчыдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасына кайрылып, Баш мыйзамга киргизилчү түзөтүүлөр канчалык деңгээлде мыйзамдуу экендигин аныктап берүүнү талап кылышууда. Ошондой эле 2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган "КРнын Конституциясынын күчүнө кирүү" жөнүндөгү мыйзамга Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөр туура келеби, бул тууралуу дагы чечимди угузуу талабы коюлуп жатат.