Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылында Алике Айимбетов атындагы 120 орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда SUPER.KG порталына Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары Мурат Досматов билдирди.
Белгилүү болгондой, мектептин курулушу чет элдик гранттардын негизинде ишке ашырылган. Заман талабына ылайыкташтырылган билимкананын спорттук залы, балдар тамактануучу жайы кошо курулган.
"Айгыр-Жал айылында мектептин курулушу айыл эли үчүн чоң жетишкендик болду. Мурунку мектеп 2013-жылы өрттөнүп кеткен. Жаңы мектеп ошол өрттөнүп кеткен мектептин аянтына курулду. Жаңырган жумада ачылуу аземин өткөрүп, мектепти пайдаланууга беребиз", - деп билдирди Досматов.
Маалым болгондой, Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүндө 75 орундуу бала бакчанын курулушу аяктоо алдында турат. Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында пайдаланууга берилмекчи.