СУПЕРСТАН: "Келин күң эмес, ал да бирөөнүн бөпөлөп баккан кызы"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кечиккен бакыт" деген тема талкууга алынууда.

Теманы ачкан колдонуучунун билдирүүсү:

"Түн, жалгыздык, мемиреген тынчтык, булардын баары мени курчап алган сыяктуу. Эмнегедир жайдын аптаптуу ысыгы болуп турса да, менин жан дүйнөм бороон-чапкындан чыйрыгып тургансыйт. Түн кирип, эртеси жаркырап күн чыккан сыяктуу адамдардын тагдыры да бирде караңгы түнгө айланса, бирде жаркырап күн тиет тура. Менин жашоомдун ушул капкара түнү качан күнгө айланып, мага нурун чачары белгисиз.

Бала чагымда эч нерседен кем болбогон, эң алдынкы болбосо да, элдин ортосунда жашаган үй-бүлө болчубуз. Ошондуктан турмуштун жогун билбей, айтканым айткан, дегеним деген болуп, ата-энемдин эрке кызы болуп чоңойдум. Мектепте да алдынкы окуучулардан болууга тырышчумун. Көз ачып жумганча мектепти аяктап, ЖОЖдордун бирине окууга тапшырдым. Студенттик мезгил да башталды. Жаңы окуу, жаңы достор, жаңы мугалимдер дегендей, албетте, ошолордун шаңы менен убакыт да тез эле өтүп жатты. Сессиямды ийгиликтүү тапшырып, сагынган ата-энеме, айылыма жөнөдүм. Ошол убакка чейин айылдан чыкпаганга ата-энемди, айылымды аябай эле сагынган элем. Жолдо жүрөгүм алып учуп, жол узарып кеткенсип, бат эле жетүүнү самап жаттым. Апам жолду карап, тапкан-ташыганын дасторконго коюп мени күтүп алышты. Үйүбүз шаңга толгонсуп, айрыкча апам экөөбүздүн сөзүбүз түгөнбөйт. Ал мезгилде телефон биздин айылда тартчу эмес. Үйүбүздө үй телефон жок болгондуктан, кат аркылуу гана сүйлөшчүбүз...

Апама эркелеп жаткан күнүм көпкө узаган жок. Барганыма төрт күн болгондо, кечке маал эшиктен бирөө ышкырып калды. Чыксам бир алысыраак жеңем туруптур. Мени чакырганынан жанына бардым, жанында бирөө бар экен. Учурашып туруп калдым. Жеңем "бул бала сени менен сүйлөшөм деп келиптир, бир аз сүйлөшүп көрбөйсүңбү" деди. Мен сүйлөшүүгө каршы экенимди билдирип, басып баратсам, кайдан-жайдан балдар келе калып, мени көтөрүп унаага салып кетишти. Кыздардын алсыз экенин жон терим менен сездим. Менин каршылык көрсөткөнүм чымын чакканчалык да болгон жок. Менин оюм менен эч ким эсептешкен жок. Үйгө алып кирип жоолугун салып, көйнөгүн кийгизип, отургузуп коюшту. Ачуу басарга ата-энемдин алдына барып келип калышыптыр. Алар менен бирге жеңемди да жиберишиптир. Жеңемдин айтымында, ата-энем деле макул болуп, мени терең ойлонуп, макул болсом отуруп калышымды каалашыптыр. Анын үстүнө кыргыздын кээ бир салттарын колдонушуп, аны бузуп кетсем бактылуу болбой каларымды айтып, мени көндүрүп, макулдугумду алышты. Ошентип, ак жоолукту башыма салып келин болдум". (Окуянын башы гана жазылды)

Ачылган темага калтырылган билдирүүлөр:

"Эх, биздин ушул ала качуу салтыбыз көп кыздардын тагдырына балта чапты. Бактылуу жашап кеткендерине караганда бактысыздар көбүрөөк кездешип жатканын көрүп эле келе жатабыз".

"Ушундай кайненелерге нааразы эле болосуң. Келин күң эмес го, ал да бирөөнүн бөпөлөп баккан кызы. Келин жаңы келгенде кагып-силкпей, жакшы сөздөрүн айтып, өзү тарбиялап алса кана? Айта берсең, сөз көп".

"Биздин элдин түшүнүгү боюнча, келген келинди үй кызматкери катары кабыл алабыз. Бирок карап келсең ал деле үй-бүлө мүчөсү болуп келди да".

Талкууга кошулуп, окуяны толугу менен окугуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gordaya
2016-09-08 13:01:20
Эки тарапсуйлошуп жатат дейт, Биз кызыбызды колокого бакканбыз десе экинчи тарап, биз деле кун коргозбойбуз дейт.)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан