Муфтият дин кызматкерлеринин кызматтык кийиминин жасалгасын иштеп чыгууга сынак жарыялады

Өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгы дин кызматкерлеринин атайын формасын (кызматтык кийимин) жана мусулман айымдар үчүн улуттук колориттеги кийимдин жасалгасын иштеп чыгууга сынак жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынакка ата мекендик өндүрүшчүлөр, кесипкөй жана кесипкөй эмес кийим дизайнерлери, сүрөтчүлөр жана кийим жасалгалоо менен алектенген адистер чакырылган.

"Сынакка жиберилген дин кызматкерлери жана мусулман айымдар үчүн арналган кийимдердин жасалга-долбоору тыкан, жарашыктуу, кыргыздын улуттук маданиятынын белгилерин, өзгөчөлүктөрүн камтыган жана шарият талаптарына дал келе тургандай болуусу абзел. Дин кызматкерлеринин атайын формасы 2 түрдө болушу шарт: күнүмдүк (кызматтык формасы) жана майрамдык салтанаттык кийим", - деп билдирди аталган кызмат.

Белгилүү болгондой, сынактын жеңүүчүлөрү комиссиянын чечиминин негизинде тандалып алынат. Жеңүүчү 100 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыкка ээ болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан