6-сентябрда Санкт-Петербургда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн ички иштер министрлеринин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Форумда Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Молдова, Орусия, Тажикстан, Өзбекстандын ички иштер министрлери жана КМШ катчысы Сергей Лебедев, ошондой эле КМШнын тармактык кызматташуу органдарынын жетекчилери катышкан.
Жыйында шериктештикке кирген өлкөлөрдүн коомдук коопсуздугун камсыздоочу багыттагы мамлекеттер аралык кызматташуу маселеси каралган. Жыйынтыгында Уюшкан кылмыштуулук жана башка кооптуу кылмыштуулуктун түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоочу бюросуна Ички иштер министрлер кеңеши 2019-2023-жылдарга кылмыштуулук менен бирге күрөшүүчү мамлекеттер аралык долбоор иштеп чыгуу буйругун беришти.