Кытай кызы Шу Синь дүйнөдөгү эң сулуу жан сакчылардын катарын толуктады

Кытай Эл Республикасынын Элдик-боштондукка чыгаруучу армиясынын жоокер кызы Шу Синь социалдык тармактардагы колдонуучулардын жүрөгүн өзүнүн сулуу жүзү, келбети менен багындырып алган. Ал 4-5-сентябрь күндөрү аталган өлкөдө болуп өткөн саммитте жан сакчы болуп иштеген. Бул тууралуу "Daily Mail" басылмасы кытайлык басылмаларга шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Сулуу жан сакчынын дарегине "дүйнөдөгү эң сүйкүмдүү жан сакчы", "теңдеши жок сулуу" деген мактоолор айтылган. Ошондой эле колдонуучулар "мындай жан сакчы менен баш кошкон адам кечинде үйүнө жарыгы жок көчө аркылуу келгенден коркпойт" деген ойлорду айтышкан. Шу Синдин саммит учурунда италиялык премьер-министр Маттео Ренцинин унаасынын жанында турган сүрөтү журналисттер тарабынан интернетке чыккан соң мекендештеринин көңүлүн өзүнө бурган.

Маалыматтарга караганда, Шу 2013-жылы Кытай армиясындагы эң сулуу 10 аялдын катарына кирген. Аскер кызматындагы сулуунун жашы канчада экени так айтылбайт. Ал бош убактысында бийлеп, ырдаганды жакшы көрөт.

Белгилей кетсек, саммит ушул жылдын 4-5-сентябрында Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн. Анда негизги тема дүйнөдө инновациялык экономиканы куруу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
radyakiz
2016-09-08 10:22:14
Чын эле сулуу экен
+10
zilish_kg
2016-09-08 10:25:06
Биздин кыздарга жетпейт баары бир))
+7
plaza85
2016-09-08 10:46:40
чынында сулуу экен мага жакты
+5
asefsa
2016-09-08 10:53:14
Бизде мындан сулуулар толуп жатпайбы.
+1
Isken.der
2016-09-08 10:56:32
Сулуу гана эмес да бул. Сулуу жансакчы деп жатпайбы
+15
madina.87
2016-09-08 11:02:37
Менин Аида досуман калат экен.
Кыргыз кыздарына эчким жетпейт баарибир.
+4
Nur1k
2016-09-08 21:46:40
madina.87, сенден деле калат 100%)
+1
djigit90
2016-09-08 11:04:22
бул дуйнодо айымдардын баары сулуу, бирок менин Апам менен аялыма жеткен сулуу жана жан сакчы жок жалган дуйнодо
+5
shankol88
2016-09-08 11:20:50
"Баарыныкы озуно ай корунот козуно"кытай барибир кытай кыргыздын кыздары же суоууу,
+2
nurtilek969796
2016-09-08 11:26:26
ушул сулубу кыргыздын кыздары мындан 2эсе сулуу
+1
Kunbeken
2016-09-08 11:28:08
мырзалардан кем калышпай ушундай оор жумуштун ээси болгону жакты. жумушуна ийгилик сулуулугун мындан да арта берсин )))
+6
barsa30
2016-09-08 12:27:08
Бул кыздын жашоосу кинодогудай экен да.
+5
Kanatbek81
2016-09-08 12:58:37
Ар кимдмки озуно ай корунот козуно
+1
tynkatar03
2016-09-08 13:17:56
Баары бир китайский болбойт. Эртен эле бир нерселери бузулуп запчаст издегенге туура келет. Биздики эле сонун озубузго
+5
kubinez
2016-09-09 18:37:37
Кыргыздардын кыздары 100 эсе сулуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан