Баткен. Жугуштуу оорулар борборундагы курт-кумурскаларды тазалоо боюнча тапшырма берилди

Баткен шаарындагы Жугуштуу оорулар менен күрөшүү борборундагы курт-кумурскаларды тазалоо боюнча тапшырма берилди. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда SUPER.KG порталына өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн Алимбек Матмуратов билдирди.

"Жугуштуу оорулар менен күрөшүү борборунда курт-кумурскалар жүргөнү боюнча Баткен облустук ооруканасынын жетекчиси Нурлан Салиевди атайын чакырып, санитардык абалды иретке келтирүү боюнча тапшырма берилди. Учурда оорукананын айланасын, ички тазалыгын карап жатышат", - деди Матмуратов.

Матмуратов: "Ар бир үйдө курт-кумурска болот. Таракандар жугуштуу ооруну ташуучу жана алып жүрүүчү курт-кумурскалардын катарына кирбейт", - деп кошумчалаган.

Эскерте кетсек, Баткендеги Жугуштуу оорулар менен күрөшүү борборунда оору жугузуучу курт-кумурскалар жүргөнүн окурман 2-сентябрда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jakilik
2016-09-08 12:08:19
Матмуратовго дагы суроонор бары???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан