Электр энергиясын нормативден аша чаап колдонгон аймактарга "акылдуу" эсептегичтер орнотулууда


"Түндүк электр" ачык акционердик коому “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу иштерин баштады. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган эсептегичтер энергияны көп колдонгон ири керектөөчүлөргө жана жоготуулар нормативден аша чабылган көйгөйлүү аймактарга орнотулууда. 2016-жылдын 8-сентябрына карата Чүй, Талас облустарынын "Райондук электр тармактар" ишканасы 7847 "акылдуу" эсептегичти орноткон.

"Түндүк электр" ишканасы Чүй облусуна 49 425, Талас облусуна 5 миң даана эсептегич орнотту. Мындай эсептегичти орнотуу аркылуу үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого, берилген электр энергиянын сапатын жогорулатууга, электр жабдуунун ашыкча жүктөмүн жокко чыгарууга жардам берет", - деп билдирди Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, "Түндүк электр" ишканасы керектөөчүлөрүнө инвестициянын эсебинен 20 миң, Чүй, Талас облустарына өз эсебинен 34 425 эсептегич орнотот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан