Кыргыз-кытай чек арасы 18-сентябрга чейин жабылат

Кытай Эл Республикасы тарабынан Ай майрамы жана Курман айт мусулмандар майрамына байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы көзөмөл пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 8-сентябрда билдирди.

"Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү пунктунда жарандар, транспорт каражаттары жана жүктөр убактылуу, 11-17-сентябрларда өткөрүлбөйт. Пункт ишин 18-сентябрда баштайт", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пункту 15-сентябрдан тарта жабылып, 16-сентябрда ачылары белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан