Ала-Бука районунда тоют камдоо 60 пайызга аяктады. Бул тууралуу бүгүн,
8-сентябрда SUPER.KG порталына Ала-Бука райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Абдыманна Ибрагимов билдирди.
"Тоют камдоо учурда кызуу жүрүүдө. Бүгүнкү күндө жүгөрүнүн түшүмү жыйналып, беденин 3-чабыгы чабылууда. Жалпысынан район боюнча 130 574 тонна тоют камдоо керек болсо, анын 60 пайызын камдадык. Ошондой эле 2811 гектар кылкандуу дан эгиндери эгилип, толук кандуу жыйналып бүттү. Түшүмдүүлүктү гектарына 28,5 центнерден алдык", - деп билдирди Ибрагимов.
Маалым болгондой, учурда Ала-Бука районунда кара өрүк терүү башталган. Өндүрүлгөн түшүмдүн наркы дүңүнө 10-12 сомго бааланууда.
"Кара өрүктү терип, жергиликтүү ишкерлер Орусияга ташый башташты. Быйыл 12 миң тонна кара өрүк өндүрүү пландалууда. Ал эми кургатылган кактын көрсөткүчү 4 миң тоннага чейин жетерин болжолдоп жатабыз", - деп кошумчалады Ибрагимов.