Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-Тилляеванын күйөөсү Тимур Тилляевдин базарында текшерүүлөр башталды. Бул тууралуу "Uzmetronom" көз карандысыз басылмасы жазып чыкты.
"Өлкөдөгү ири "Абу Сахий" импорттук товарлар базарында текшерүүлөр жергиликтүү тургундардын нааразычылыктары, чет элдик валюталардын мыйзамсыз колдонулуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөндүгүнөн улам жүрүп жатат. Мындан тышкары ишкер Тимур Тилляев көп жыл мурун товарларды номенклатура боюнча эмес, салмагына карап бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктерди алган", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, өлкөнү 1990-жылдан тарта башкарып келген Ислам Каримов өткөн жумада каза болгон. Аны жерге берүү зыйнатында анын үй-бүлөсүнөн аялы Татьяна Каримова жана кичүү кызы Лола катышкан. Бүгүн Өзбекстандын парламенти президенттин милдетин аткаруучу кызматына талапкерлерди карамакчы.