Кыргыз Республикасындагы мектеп окуучулары окуган китептерде өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү кыргыз интернет айдыңында кызуу талкууланып жатат. Бул сүрөттү интернетке 5-класстын окуучусунун апасы чыгарганы жана китеп 2015-жылы басылганы айтылууда. Китептин биринчи темасы "Президент балдар арасында" деп аталат.
Интернет колдонуучулары "2017-жылы Атамбаев президенттиктен кеткенде бул китептерди чыгаруу токтотулабы?", "Жаңы президент келсе, жаңы китептерди чыгарабызбы?", "Китептин авторлору президентке кошоматчылык кылып жатышат", "Мунун бардыгы ушунчалык кайгылуу болбогондо, ошончолук күлкүлүү болмок" деген терс комментарийлерди жазышууда.
Айта кетсек, Советтер Союзунун маалында В.Лениндин, И.Сталиндин ушул сыяктуу сүрөттөрү "Окуу, окуу жана окуу", "Бактылуу балалыгыбыз үчүн сүйүктүү Сталинге рахмат!" деген жазуулары менен китептерде, плакаттарда басылчу.