Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон 4509 үй-бүлөгө акысыз көмүр таратылат. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкек шаарынын 4 районунда жашаган аз камсыз болгон жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөр үчүн көмүр таратуу колго алынган. Бул үчүн "Бишкек жылуулук-энергия" коммуналдык ишканасынан атайын көмүр түшүрүүгө жай бөлүнүп, бардык шарттар каралган", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалым болгондой, учурда көмүр ташуу боюнча атайын компаниялар менен келишим түзүү иштери жүрүүдө. Бир ай аралыгында көмүр ташуу иштери башталмакчы.