Сириядагы согуштун айынан Хама провинциясынан 100 миңдей тургун үйүн таштап кетти

Сириядагы согуштун айынан 28-августтан 5-сентябрга чейин Хама провинциясынан 100 миңдей тургун үйүн таштап кетти. Бул тууралуу кечээ, 7-сентябрда Бириккен Улуттар Уюму Араб Кызыл Жарым Ай коому менен провинциянын губернаторуна шилтеме берип жарыялады.

Шейшембиде Башар Асад режиминин учактары Хама провинциясындагы көтөрүлүшчүлөрдүн тарабына бомба таштаган. Оппозициядагылар бул кадамдын жыйынтыгында 25 жөнөкөй тургун каза болгонун айтышкан. Ошондой эле 70 миңден ашык тургун, анын ичинде аялдар менен балдар да жабыркашканын сириялык жарандык активисттер менен Куткаруу кызматынын жумушчулары кабарлаган.

Түркиянын АКШ менен биргеликте Ракка шаарындагы "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлерин сүрүп чыгарууга даяр экенин Түркия президенти Режеп Эрдоган Кытайда өткөн G20 саммитинде билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
keba300989
2016-09-09 11:12:21
Режеп Эрдоган не Америка менен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан