Үңкүр-Тоодон кармалган 4 жаран кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу өлкөдөгү айрым маалымат каражаттары ишенимдүү булактарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Өзбекстандын чек арачылары 8-сентябрь күнү саат түнкү 12ге жакын Кыргыз өлкөсүнүн 4 жаранын Ала-Бука районундагы чек арачыларга өткөрүп беришкен.
Айта кетсек, Үңкүр-Тоодогу станциянын 4 кызматкери өзбекстандык милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, райондук ички иштер бөлүмүнө алынып кеткенин Чек ара кызматы 24-августта билдирген эле. Ал эми өзбекстандык маалымат булактары өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып, “22-август күнү Үңкүр-Тоодо паспорттук режимди текшерүү жүрүп, Өзбекстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 4 жаран кармалды” деген маалымат тараткан.