“Үңкүр-Тоодо эч кандай паспорттук режим жок, ал жер кыргыздардыкы” дейт өзбек милиция кызматкерлери кармап кеткен Нурбек Усупбаев

Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргыз өлкөсүнүн 4 жараны өткөрүлүп берилгенин тастыктады. Чек ара кызматынын маалыматында “8-сентябрь күнү Ала-Бука районунун Баймак тилкесинде эки тараптуу жолугушуу болуп, жыйынтыгында өзбек милиция кызматкерлери тарабынан кармалган 4 кыргыз жараны өткөрүлүп берилген. Сүйлөшүүгө Чек ара кызматынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты” деп айтылат.

22-август күнү Үңкүр-Тоодон өзбек милиция кызматкерлери тарабынан кармалып кеткен Нурбек Усупбаев менен телефон аркылуу байланышканыбызда ал үйүндө экенин айтты.

Үңкүр-Тоодо эч кандай паспорттук режим жок. Ал жер кыргыздардыкы”, - деди Усупбаев.

Айта кетсек, 22-август күнү Үңкүр-Тоодогу станциянын 4 кызматкерин Өзбекстандын милициясы кармап кеткен. Ал эми өзбекстандык маалымат булактары өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып, “22-август күнү Үңкүр-Тоодо паспорттук режимди текшерүү жүрүп, Өзбекстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 4 жаран кармалды” деген маалымат тараткан эле.

Өзбектер кармап кеткен 4 кыргыз жараны бошотулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
orun
2016-09-09 08:31:32
Аллахка шугур аман эсен кайтышыптыр. Эми Ункур-Тоону алдырып койбойлу...
+20
Frunze74
2016-09-09 10:25:33
orun, бийлик Ункур-Тоону кайтарып алышы мумкун бирок ордуна бир нерсе "карматканда" гана. Мисалы Орто-Токой суу сактагычы же болбосо Кыргызстандын кайсы бир бурчун карматып коюп билмексен болуп отура беришет. Ал билинген убакта Атамбаев кызматтан кеткен болот же кетпесе Окмот башчы менен тышкы иштер министрине шылтап отура берет "я здесь причем?" деп коюп... Негизги куноокор сенсин дээр адам табылабы жокпу белгисиз...
+2
plaza85
2016-09-09 08:44:31
Карапайым эл чындыкты айтат чондор оздору Озбек элинин созун суйлоп атышат 4 адамды дагы бир келишимге айырбаштап чыгарса керек элге уят болбойлу деп.
+8
-NURIK-
2016-09-09 09:27:34
Дагы не убада берип бошотуп алышты экен? Үңкүр тоону берип салышпаса экен.
+6
nuriyaeljan
2016-09-09 08:55:53
Кандай жашоо ткорушту экен ал жакта торт жараныбыз. Интервью алыныздарчы
+8
DNurgiza
2016-09-09 09:26:18
үй-бүлөөсүнүн жанына келип жыргап эле калышкандыр....эми этияттаңыздар, аябай кыйналдыңыздар го....
+3
MIRlan
2016-09-09 10:19:14
Журналисттер ден- соолуктарын, ушунча күн эмне кылышканын, жакшы караштыбы, тамак- аш ж.б нерселерди сурап коюшпаптыр. Жер кимдики деп сураганго.
+4
bom.bon
2016-09-09 14:03:31
MIRlan,анда да тел аркылуу .
+1
ikitaidesu
2016-09-09 12:56:11
бир коллегабыз иштери м.н Озбекстканга кирет эч кандай кыйынчылыксыз. Бирок ошол эле куну кайтаарда чек арага келсе, паспортун алып туруп мына комурду тушуросун отосун, тушурбосон отпойсун деп ачык эле айтыптыр с....р. Эч такыр чарасыз калып комурду тушуруп анан откон. Аябай ызаланып айтып берген. Ак койнокчон элем кебетемди сурабагыла деп...
0
Ilgiz2016
2016-09-09 13:12:59
Мамлекеттин алсыздыгынан болдуда.торт кишини барымтага алып жерин ээлевалсада бироосу кыймылдавадыго.эмне дейвиз кайран елим бар болсун.
0
Zanzibara
2016-09-09 17:12:53
Аааа шордуу эле эл болдук го өз элибиздин жеринде туруп башкаларга кор болуп. Бийлик Бакий брат саткан деп шылтоолоп жатат. Эгер Бакий сатса кайсы парламент ратификация кылган экен?! Ошол кезде сатылса ушул кезге чейин туугандар күтүп олтурмак эмес дароо эле ээлеп айдамак. Бул чыр азыркы бийликте эле пайда болду ушулар эле бир нерсе кылды!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан