Узакка созулган аномалдуу кургактыктан жана жылуу аба ырайынан кийин өлкөнүн аймагында 2016-жылдын 12-сентябрында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"12-14-сентябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
"Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2016-жылдын 8-сентябрында ӨКМ тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС-билдирүүлөр жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.