15-21-сентябрь күндөрү Кыргыз жергесинде "Тынч миссия-2016" аскердик машыгуулары өтөт. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, машыгуулар №20636-аскер бөлүгүндө өтөт. Анда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттер Кыргыз Республикасы, Кытай, Казакстан, Тажикстан жана Орусиянын аскерлери катышат. Иш-чаранын максаты - террорго каршы миссияларды биргеликте жүргүзүүгө даярдоо. Машыгуулардын жүрүшүндө аскерлерди тоолуу аймактарда атайын операцияларды алып барууга үйрөтүшөт.