Курман айт намазы Бишкекте 12-сентябрда саат 6:45тен 8:30га чейин эски аянтта окулат. Ага байланыштуу унаа транспортторунун жүрүшүнө Тыныстанов-Чүй кең көчөсү жана Панфилов-Фрунзе көчөлөрү менен чектелген аймакта чектөө киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
"Бишкек шаарынын айдоочуларын унааларын чектөө киргизилген аймактан сырт токтотууну, көрүлүп жаткан коопсуздук чараларын түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.
Шаардык кызматтар иш-чарага аймакты даярдоо менен алектенишүүдө. Бишкек шаарынын Патрулдук милиция башкармалыгы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети намаз учурунда шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздашат. "Тез жардам" кызматкерлери жана Өрт өчүрүү кызматы да намаз маалында ошол жерде болушары маалым болду.