II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында медицина кызматкерлерине 989 адам кайрылган. Бул тууралуу КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, маданий иш-чаралар уюштурулган Кырчын жайлоосунда 488 кайрылуу катталган. Чолпон-Ата шаарынын аймактык ооруканасына 38 адам, Үй-бүлөлүк медицина борборуна 82 адам кайрылган. Медицина кызматкерлери спорттук иш-чаралар өткөн Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде 128 адамга, ат майданда 260 адамга жардам беришкен. Алардын 25и ооруканага жиберилсе, 16сы стационардык дарыланууга жаткырылган.