Шаардык милиция: "Сойкулук менен алектенген мектеп жашындагы өспүрүм кыздар катталууда"

Бишкек шаарында денесин сатып, сойкулук менен алектенген мектеп жашындагы өспүрүм кыздар катталууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын өкүлү Аваз Абдираимов билдирди.

"Сойку кыздардын үстүнөн карап, аларды калкалап мыйзамсыз иштерге барган кызматкерлерибиз жок. Бир канча жолу бул боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү. Андай мыйзамсыз аракеттер катталган жок. Бул сөз жөн гана эл арасында айтылып келген, чындыкка дал келбеген сөз", - деп билдирди Абдираимов.

Белгилүү болгондой, өлкөдө сойкулук менен алектенген кыздар үчүн атайын жоопко тартуу боюнча мыйзам каралган эмес.

"Акыркы убактарда сойкулук менен алектенген мектеп жашындагы өспүрүм кыздар катталууда. 15-июндан берки жүргүзүлүп жаткан рейддин алкагында 6 өспүрүм кыз кардарларды тейлеп жатканда кармалды. Алардын аты-жөнү такталып, ата-энелерине өткөрүп бердик. Ага чейин атайын психологдун кеңешин берип, бул жолдон кайтууга жол көргөзгөн кеңеш айтып, багыт көрсөттүк", - деп кошумчалады Абдираимов.

"Кармалган сойку кыздардын арасында жашы жете электери да бар"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
KGstan1981
2016-09-09 13:14:04
Кайран кыргыз элим президентибиз хиджап кийген жана ак жолук салынган айымдарыбызга асылбай.Андан коро ошол жаш оспурум кыздардын арасындагы проституциясын токтопойбу.
+7
Mekush87
2016-09-09 13:21:49
Чоптун башы кыймылдаса деле президент куноолу боло бербейт да,ата-энесинин жеткиликтуу тарбиясынын жогу.
+9
Shat.88
2016-09-09 13:43:32
Mekush87,биздикилердин оозу конуп уалды тан калба жамгыр жааса деле, шамал болсо деле, кун ысыса деле президент окмот куноолу деп
-1
KGstan1981
2016-09-09 14:00:24
Mekush87,Мен президенти кунологон жокмун меним коментариямды жакшылаап окуп анан анализдеп анан жазгын.Жоолук хиджап кийгендерге асылбай проституция м-н курошпойбу деп айтып жатам.Мага мынага окшогон кыска юбка кийген женил ойду кыздарга караганда ошол хиджап ж-а ак жоолук салынган айымдарыбыз жагат.
+7
Nurkyz1977
2016-09-10 23:06:54
KGstan1981,эн туура хиджапка асылбай андан коро тунку кополокторго асылбайбы?биринчи тушкондо штраф андан сон сот жообуна тартыла турган кылып оздору учун мыйэамды озгортпой онголорго да конул бурушса жакшы болмок,заманыбыз эмне болуп баратат болочок энелер эсинерге качан келесинер,жаштыгын соолуйт убакыт силерди женет келечектеги узун узаак бактылуу жашоонорду тунгуюк карангы жолго салбагыла.
0
bond0202
2016-09-09 13:45:06
милициялардын чогуу иштегенин элдин баары билет
+9
Aytur
2016-09-10 00:11:37
Оо кудай ыйман бере кор!
+1
Askarbek15
2016-09-10 00:15:12
Кыргызстанда Дин онуксо Баары онолот иншаллах. Аялдын колу м.н жузунон башка жерин коргозуп журуусу Зынакорлука туртот. Аллахтын ачуусун келтирет Кыздар дененерди арамдан сактагыла.
+3
Askarbek15
2016-09-10 00:18:13
Ыссык Саратанда денесин жаап Хиджап кийип жургондордон Аллах ыраазы болсун.....
+3
Askarbek15
2016-09-10 00:22:28
Хиджап кийип Бул дуйнонун Ыссыгына чыдашынар мумкун бирок Тозоктун отуна чыдай албайсынар ойлонгулаЭсинер барда эсинерди жыйгыла...
+2
zamir-bek
2016-09-11 13:33:45
Атасынын башы,сойкулардан отметка алган кызматкер жок дегенине. Сойкулардан алган отметкасын озу менен болушуп атса анан акча алган кишини тапмак беле. Жон эле карга карганын козун чокубайт болуп атат. Болбосо сойкулардын арты менен эле байып атасынар го менттерге.
0
sgushenka
2016-09-14 07:56:40
Кудайдан умуту жоктор!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан