SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мирбек Атабеков менен Гүлзада Рыскуловага "КРнын Эмгек сиңирген артисти" наамын берүү адилеттүү болду деп ойлойсузбу?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Кечээ гана чыккан "козу карындарга" бергенден көрө, элге эмгеги сиңгендерге бербейби? Бактияр Токторовдун алганына кубандым, ал наамга татыктуу эле".
"Азыркы заманда татыктуу болбосо да, таанышы күчтүүлөр наамдарды ала беришет".
"Мирбек Атабеков кыргыз сахнасынан өз ордун таап, талыкпай эмгектенип келет. Менин оюмча, татыктуу, бирок дагы эмгектениши керек эле. Гүлзада Рыскуловага өзгөчө үнү үчүн берилген окшойт. Андай болсо Каныкейге дагы бериш керек болот да..."
"Абдылда Иманкуловго ушул наамды бербей жүргөн Маданият министрлигине таң калам. Эки-үч эле ыры бар адамдарга да берип салыптыр го. Куудулдар айтмакчы, биздикилер татыктууларга бул наамды өлгөндө гана беришет".
"Мирбек Атабеков менен Гүлзада Рыскулова чындыгында эле таланттуулар, бирок булар бул наамды өтө эрте алышты деп ойлойм. Өздөрү деле уялып, "кийинчерээк алабыз" дешсе болмок. Эгерде Атай Өмүрзаков сыяктуу дүйнөгө кыргыздын желегин желбиретишкен болсо да мейли эле. Ырчы кыз Алсу 17 жашында "Татарстандын Эмгек сиңирген артисти" наамын алган. Ал "Евровидение" сынагында 2-орунду алып келгенден кийин алган. Бул экөө ошондой эмгек жаратышса, 10 эмес, 5 жылда деле ала беришсин. Булардан көрө Гүлжигит Калыков, Жийдеш, Кайрат Примбердиевдин эмгеги бар".
Талкууга кошулгуӊуз келсе, бул жакка кириңиз.