2012-2015-жылдары кыргыз жарандары 6185, ал эми чет элдик жарандар 53 кыргыз балдарын асырап алышкан. Бул тууралуу чет элдиктер асырап алган балдардын ишин караган соттор менен болгон жолугушууда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев айтты.
"Министрликтин демилгеси менен соттордун тобу АКШга сапарга барышат. Сапардын негизги максаты - АКШнын бала асырап алуу боюнча соттук процедуралары менен таанышуу. Соттор Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймактарынан барышат", - деп айтылат маалыматта.
"Биз эл аралык асыроо менен алектенген уюмдарды каттоодо УКМК, ИИМ, ТИМ жетекчиликтерине жеке жоопкерчилик киргиздик. Алар кол койгон соң документтерди сотко жиберебиз. Кыргыз өлкөсүндө бир эле соттун чечими менен бала асыроо мүмкүн. Биздин өлкөдө баланы багып алчулар табылбаса гана чет элдиктерге асыроого берилет. Алардын көпчүлүгү катуу оору менен ооругандар", - деген министр.
Жогорку Соттун соту Дилбар Кулматованын айтымында, соттор чет элдиктер багып алган кичинекей кыргыз балдарынын иштерин өзгөчө жоопкерчилик менен карашат.