Нурсултан Назарбаев өлкө коопсуздугу үчүн премьер-министрди Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы кылып дайындаганын айтты

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев мурунку премьер-министр Карим Масимовдун Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы болгондугу тууралуу комментарий берди.

"Баары өкмөттөгү өзгөрүүлөр тууралуу билишет. Анын өзүнүн логикасы бар. Биринчиден, коопсуздукту камсыздоону күчөтүү зарыл. Масимов, анын макулдугу менен бул керектүү орунга азыр, өзүңөр көргөндөй, ушул орунга керек. Анын тажрыйбасы бар, республикадагы абалды жакшы билет", - деген Назарбаев өкмөттүн жыйынында.

Өлкө башчы Назарбаев буга байланыштуу өкмөт учурда отставкада экенин белгиледи.

"Биз убакыт созбой, тез арада силердин башчыңарды жана жаңы министрлерди дайындоо менен бул маселелердин баарын чечебиз. Менимче, олуттуу өзгөрүүлөр болбойт, себеби өкмөт оор кезеңдерде өз жумушун жасап, берилген тапшырмалардын баарын аткарат", - деди Назарбаев.

Кечээ, 8-сентябрда Нурсултан Назарбаев Карим Масимовду Улуттук коопсуздук комитетинин жамаатына өзү тааныштырды. Экс-премьер-министр аталган кызматты ээлеген Владимир Жумакановдун ордуна барса, ал президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан