Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын неврология бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, неврология бөлүмү облус боюнча бир гана Нарын шаарында иштеп келген. Аталган бөлүмдүн эски имаратынын курулганына 50 жыл болуп, санитардык-гигиеналык нормаларга туура келбей, авариялык абалга кептелген.
"Ооруканага бир жылда 1700дөн ашык бейтап жатса, анын ичинен 180-200гө жакыны оор абалдагы инсульт менен түшкөндөр. Имарат талапка жооп бербегендиктен, бейтаптарды дарылоодо кыйынчылыктар жаралып келген. Учурда 62 миллион сомго курулган жаңы имараттын курулуш иштери толугу менен аяктады. Бөлүнгөн каражаттын ичинен 7 миллион 500 миң сомго катуу, жумшак инвентарлар алынып, медициналык аппараттар менен жабдылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.