Мындан 188 жыл мурун орустун улуу жазуучусу жана ойчулу Лев Толстой Тула губерниясындагы Ясная Полянада дворяниндин үй-бүлөсүндө туулган. Жазуучунун атасы ири дворянин Николай Ильич Толстой 1812-жылы Ата Мекендик согушка катышкан, белгилүү коомдук ишмер болгон. Апасы Орусиянын тарыхында калган ири князь Волконскийдин кызы болгон. Лев Толстой бала кезинен билим алууга умтулуп, англис, француз, немис, итальян, чех, серб, грек, латын, украин, татар, түрк, болгар тилдерин билген. Франция, Швейцария, Италия, Германия, Англия мамлекеттерин кыдырып, жаш кезинде музыкага да абдан кызыккан. Бах, Гендель жана Шопен жазуучунун жактырган композиторлору болгон.
Лев Толстой 1851-жылдан тарта аскерде кызмат өтөп, 1853-жылы Крым согушунда Севастополду коргоого катышып, Ыйык Анна ордени менен сыйланган. Поручик чининде 1856-жылы отставкага чыккандан кийин чет өлкөлөрдү кыдырган.
“Согуш жана тынчтык”, “Анна Каренина” өңдүү романдарды жараткан орустун эле эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги алп жазуучу Лев Толстой 1910-жылдын кеч күзүндө жеке дарыгери Душан Маковицкийдин коштоосунда Ясная Полянадагы үйүнөн эч кимге шек алдырбай чыгып, башы оогон тарапка багыт алган. Болгарияга, болбосо Кавказга барармын деген Лев Толстой жолдо баратканда өпкө оорусу күч алган. Аргасыздан азыркы Липецк облусундагы Астапово бекетинде поездден түшүп калып, 20-ноябрда аталган бекеттин жетекчиси И.И.Озолиндин үйүндө жан берген. Лев Толстойдун сөөгү 23-ноябрда балалыгы, өмүрүнүн жарымынан көбү өткөн Ясная Полянага коюлган.
9-сентябрдын жылнаамасы.