Эгемендүүлүктүн 25 жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата мунапыс берүү мыйзамы боюнча 7 соттолгон адам бошотулду

Бир ай мурун "Эгемендүүлүктүн 25 жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата мунапыс берүү мыйзамы" жарыяланган. Бул аралыкта прокуратура 7 соттолгон адамды бошотту, 73үнө жаза өтөө мөөнөтүн кыскартты, бирөөнө козголгон ишти токтотту. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы бүгүн, 9-сентябрда билдирди.

"Жалпысынан Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы прокуратурага соттолгондорду бошотуу боюнча 78 материал жана жаза өтөө мөөнөтүн кыскартууга 639 материал жиберди. Мындан тышкары прокуратура Жазык-аткаруу инспекциясынын эсебиндеги 65 адамдын бошотулушуна макулдук берген", - деп айтылат маалыматта.

Мыйзамга ылайык, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренеси (аскер бөлүгүн же кызмат ордун өзү билип таштап кетүү), 360-берененин 1-бөлүгү (аскерден качуу) боюнча кылмыш жасагандар 3 айдын ичинде, ушул жылдын 9-августунан 9-ноябрына чейин кызмат ордуна же КРнын Аскер прокуратурасына келишсе, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуларын Жаза аткаруу кызматы эскертет. Учурда
жатак-абактан качкан 1044 адам мунапыска көрсөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан